Бишкекте Вьетнамдын мурдагы президенти жана улуттук лидери Хо Ши Миндин эстелиги ачылды.
Эстеликтин ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан катышты.
Марлен Маматалиев Хо Ши Мин тарыхта өзгөчө орунду ээлеген мамлекеттик ишмер экенин белгиледи.
Ал эми Во Тхи Ань Суан Бишкекте Хо Ши Миндин эстелигинин орнотулушу Вьетнам эли үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.
Белгилей кетсек, учурда вьетнамдык инвесторлор Бишкектеги мурдагы ат майдандын аймагында Royal Central Park көп функционалдуу комплексин куруп жатышат.



