Президент Садыр Жапаров 31-августта Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана «ШКУ+» форматындагы жолугушууга катышуу үчүн келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-монгол мамилелеринин достук жана ишенимдүү мүнөзүн белгилеп, соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы саясий ишенимди конкреттүү биргелешкен долбоорлорго айландыруу маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле эл аралык кызматташтык, БУУнун алкагындагы өз ара аракеттенүү, туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине көңүл бурулду.
Тараптар кыргыз-монгол кызматташтыгын мындан ары да кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.



