Садыр Жапаров Россиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачевге “Достук” орденин тапшырды.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, сыйлык Лихачевге мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды.
Сыйлык тапшыруу аземи Бишкек шаарында Кыргызстандын жана Россиянын президенттеринин расмий сүйлөшүүлөрүнүн алкагында өттү.
“Достук” мамлекеттик ордени мындан тогуз жыл мурда негизделген. Ал биринчи даражадагы мамлекеттик сыйлыктардын катарына кирет жана элдердин ортосундагы тынчтыкты, ынтымакты жана достукту чыңдоого кошкон өзгөчө салымы үчүн берилет.



