Башкы беткеПрезидентАрслан Койчиев кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады

Арслан Койчиев кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн, 9-сентябрда, кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады.

Ал өз куттуктоосунда комуз кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхын, салт-санаасын жана руханий дүйнөсүн муундан муунга жеткирген баалуу мурас экенин белгиледи.

Мамлекеттик катчынын айтымында, комуздун кыргыз маданиятындагы өзгөчө орду «Манас» эпосунда да чагылдырылган. Ошондой эле археологиялык изилдөөлөр Борбордук Азиянын көчмөн элдеринде кыл аспаптар байыртадан колдонулуп келгенин көрсөтөт.

Койчиев кыргыз күү өнөрүнүн өнүгүшүнө Токтогул, Карамолдо, Мураталы, Ниязаалы, Ыбырай, Атай сыяктуу залкар күүчүлөр чоң салым кошконун белгилеп, алардын чыгармалары бүгүнкү күнгө чейин руханий мурас катары сакталып келе жатканын айтты.

«Улуттук маданиятты сактоо – өткөнгө гана таазим кылуу эмес, келечек алдындагы жоопкерчилик», – деп белгиледи Мамлекеттик катчы.

Ал комуздун күүсү бүгүн Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн ар кайсы сахналарында жаңырып, кыргыз элинин тарыхын жана маданиятын таанытып жатканын белгилеп, мекендештерге бекем ынтымак жана өлкөгө кең келечек каалады.

«Комуз күнү кут болсун! Кылымдарды карыткан комуз күүсү түбөлүк жаңыра берсин!» – деп куттуктоосун жыйынтыктады Арслан Койчиев.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар