Башкы беткеКоомКыргызстан менен Азербайжан кылмыштуулукка каршы чогуу күрөшөт

Кыргызстан менен Азербайжан кылмыштуулукка каршы чогуу күрөшөт

Кыргызстан менен Азербайжан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты күчөтөт. Тиешелүү макулдашууга бүгүн, 10-сентябрда, Астанада Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлеринин 3-жолугушуусунун алкагында кол коюлду.

Документке Кыргызстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков жана Азербайжандын ички иштер министри, генерал-полковник Вилаят Эйвазов кол койду.

Макулдашуу эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын практикалык кызматташуусун кеңейтүүгө багытталган. Анын алкагында маалымат жана тажрыйба алмашуу, кылмыштардын алдын алуу жана бетин ачуу боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү каралган.

Тараптар бул документти коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөдөгү маанилүү кадам катары белгилешти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар