Таласта Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанатта өлкөнүн бир катар аймактарындагы жаңы социалдык жана өнөр жай объектилери пайдаланууга берилди.
Президент Садыр Жапаров иш-чаранын жүрүшүндө 105 объекттин ачылышына онлайн форматта катышты.
Алардын катарында жаңы мектептер, бала бакчалар жана башка социалдык мекемелер менен бирге өндүрүш багытындагы ишканалар да бар.
Объектилердин ачылышы өлкөнүн аймактарында инфраструктураны жаңылоого жана экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга багытталган иштердин алкагында жүргүзүлүүдө.



