Талас облусунда бензин жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүүчү, ошондой эле полимер менен модификацияланган битум өндүрүүчү өнөр жай комплексин куруу пландалууда.
Долбоорду ишке ашыруу боюнча ниет тууралуу меморандумга Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Казакстандын «QAZAQ BITUM Processing» компаниясынын директору Ержан Бейсебаев кол коюшту.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, долбоорго 350 млн долларга жакын инвестиция тартылат. Комплекс түз айдалган бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетип, полимер менен модификацияланган PG битумун өндүрүүгө багытталат.
Долбоор заманбап технологияларды тартууга, ички өндүрүштү кеңейтүүгө жана импортту алмаштырууга, ошондой эле Талас облусунун өнөр жай потенциалын жогорулатууга багытталган.



