Кыргызстандын жарандары 15-сентябрдан тарта Таиландга туристтик максатта 30 күнгө чейин визасыз кире алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Визасыз режим Кыргызстандын жарактуу жалпы жарандык паспорту менен колдонулат. Таиландга учак же унаа менен кирген жарандар бул мүмкүнчүлүктү календардык жыл ичинде эки жолудан ашык пайдалана алышпайт.
Өлкөгө кирүүдө иммиграциялык көзөмөлдөн өтүү милдеттүү. Визасыз режимдин болушу Таиландга кирүүгө автоматтык түрдө кепилдик бербейт. Акыркы чечимди өлкөнүн компетенттүү иммиграция органдары кабыл алат.
Сапарга чыгуудан мурда жарандар Thailand Digital Arrival Card (TDAC) электрондук формасын толтурушу керек.
Таиландга кирүүдө өлкөнүн мыйзамдарына ылайык тиешелүү документтерди көрсөтүү талап кылынат. Визасыз режим туристтик сапарларга гана тиешелүү.



