Башкы беткеКоомӨлкөдө жаңы өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү ачылды

Өлкөдө жаңы өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү ачылды

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкөдө заманбап жабдылган өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышты.

Учурда өлкө боюнча 17 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн курулушу жүрүүдө. Анын ичинен Ысык-Көлдүн Тоң жана Ак-Суу райондорунда, ошондой эле Ош облусунун Араван районундагы үч бөлүктүн курулушу толук аяктады.

Жаңы имараттарда өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу унаалары үчүн бокстар, диспетчердик жана кызматтык бөлмөлөр, окуу класстары, эс алуу жана тамактануу жайлары каралган. Ошондой эле окуу мунарасы жана машыгуу аянтчалары бар.

Жаңы бөлүктөр куткаруучулардын иштөө шарттарын жакшыртып, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар