Башкы беткеКоомКыргызстанда 20 жана 50 сомдук банкноттор биринчи жолу басылды

Кыргызстанда 20 жана 50 сомдук банкноттор биринчи жолу басылды

Кыргызстанда 20 жана 50 сом номиналындагы банкноттор биринчи жолу өлкө аймагында басылып чыкты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин улуттук валюта 30 жылдан ашуун убакыт бою чет өлкөлөрдө басылып келген. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Улуттук банк банкнотторду өлкө ичинде чыгаруу боюнча иштерди жүргүзүп келген.

Улуттук банк бул кадамды Кыргызстандын экономикалык өз алдынчалыгын жана мамлекеттик көз карандысыздыгын бекемдөө жолундагы маанилүү окуя деп атады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар