Башкы беткеКоомОшто №29 мектептин жаңы корпусу пайдаланууга берилди

Ошто №29 мектептин жаңы корпусу пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы №29 жалпы билим берүү мектебинин жаңы окуу корпусу пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышты.

Жаңы корпус Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча пайдаланууга берилген 105 социалдык объекттин бири.

Мектеп Ж. Мамытов көчөсүндө жайгашкан. Долбоордун алкагында курулушу толук бүтпөй калган имарат реконструкцияланып, 275 окуучуга ылайыкташтырылды.

Үч кабаттуу окуу имаратынын эки блогунан турган мектептин А-блогу толугу менен реконструкцияланды. Жаңы окуу жылына карата окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу билим алуу шарттары түзүлдү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар