Башкы беткеКоомЖККУнун "Чек ара-2026" машыгуусуна Кыргызстан катышууда

ЖККУнун “Чек ара-2026” машыгуусуна Кыргызстан катышууда

Казакстандын «Көктал» окуу-машыгуу полигонунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ОДКБ) Борбор Азия чөлкөмүнүн Ыкчам чара көрүүчү жамааттык күчтөрү катышкан «Чек ара-2026» биргелешкен машыгуусунун активдүү фазасы башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мирлан Тургунбеков машыгуу эл аралык мамилелердеги чыңалуу жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү татаал аскердик-саясий кырдаал учурунда өтүп жатканын белгилеп, күчтөрдүн ар дайым даяр туруусу маанилүү экенин баса белгиледи.
Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Таджикистандын аскердик контингенттери, ошондой эле ОДКБнын Бириккен штабынын ыкчам топтору катышып, ЖККУга мүчө мамлекеттин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн ишин токтотуу боюнча биргелешкен аракеттерди иштеп чыгуу, аскерлердин даярдыгын жогорулатуу жана жамааттык коопсуздук механизмдерин өнүктүрүү максатында багытталат.

 

Машыгууга 1500гө жакын аскер кызматчысы, 300дөн ашык аскердик жана атайын техника, анын ичинде ар кандай багыттагы 115 учкучсуз учуучу аппарат (дрондор) сыяктуу техникалар алынып келинди. Иш-чара 2026-жылдын 13-сентябрынан 18-сентябрына чейин уланат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар