Бишкек шаарындагы Кронштадт көчөсүнүн Манас көчөсүнөн (мурдагы Фучик көчөсү) Месароша көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бүгүн, 14-сентябрдан тарта аталган тилке унаа кыймылы үчүн кайрадан ачылды.
Мэриянын маалыматына ылайык, оңдоо иштеринин алкагында жолдун үстүңкү катмары жаңыланып, жол инфраструктурасы иретке келтирилди. Ошондой эле жол белгилери жана кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуучу элементтер талапка ылайык абалга келтирилди.
Мэрия айдоочуларды жана башка жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин сактап, жол белгилеринин талаптарын аткарууга жана белгиленген ылдамдык режиминен ашпоого чакырды.



