Башкы беткеКоомБишкек ЖЭБ 65 жылдык мааракесин белгиледи

Бишкек ЖЭБ 65 жылдык мааракесин белгиледи

Бишкек шаарында жылуулук жана электр энергиясын өндүргөн Бишкек ЖЭБдин 65 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу мериядан билдиришти.

Мааракеге Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, мэрдин орун басары — ЖЭК департаментинин директору Насипбек Керимов, мэриянын тармактык түзүмдөрүнүн жетекчилери, “Бишкек ЖЭБ” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, ардагерлер жана башка жетекчилер катышты.

Иш-чарада Бишкек ЖЭБдин борбор калааны жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуудагы ролу белгиленип, ишкананын өнүгүшүнө салым кошкон энергетиктерге ыраазычылык айтылды.

Кубанычбек Иманалиев ЖЭБдин туруктуу ишинин артында ондогон жылдар бою эмгектенген миңдеген адистердин жана ардагерлердин эмгеги турганын белгиледи.

Мааракенин алкагында ишкананын ардагерлери жана мыкты кызматкерлери сыйланды. Аларга көп жылдык эмгеги, кесипкөйлүгү жана энергетика тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттары, Ардак грамоталар, төш белгилер жана кол сааттары тапшырылды.

Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБинде техникалык жаңылоо иштери улантылып, станциянын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар