Бишкектин айрым аймактарында 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрү, ошондой эле темир жол менен чектелген аймакка тиешелүү.
Мындан тышкары, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында да суу болбойт.
Суу берүү «Контррезервуар» суу топтомосунда жүргүзүлө турган профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу токтотулат.



