Башкы беткеКоомМанаста курулушта эмгектенген эки жумушчу бийиктиктен кулап, каза тапты

Манаста курулушта эмгектенген эки жумушчу бийиктиктен кулап, каза тапты

Манас шаарында көп кабаттуу үйдүн сыртын жасалгалап жаткан эки жумушчу бийиктиктен кулап, каза болду. Бул тууралуу милиция маалымдады.

Маалыматка караганда, кырсык 8-сентябрда болгон. 11-кабаттын деңгээлинде иштеп жаткан 23 жана 22 жаштагы жумушчуларды көтөрүп турган люк сынып, экөө тең жерге кулап түшкөн. Алар алган оор жаракаттарынан улам окуя болгон жерде көз жумган.

Учурда окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Кырсыктын себептери жана коопсуздук талаптарынын сакталышы иликтенип, соттук-медициналык жана техникалык экспертизалар дайындалды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар