Башкы беткеКоомЧүйдө оор жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз өткөрүү схемасы аныкталды

Чүйдө оор жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз өткөрүү схемасы аныкталды

Транспорттук көзөмөл чөйрөсүндөгү кызмат адамдары салмак-габариттик ченемдерди бузган оор жүк ташуучу унаалардын тоскоолдуксуз өтүшүнө шарт түзгөн коррупциялык схема уюштурушканы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин айрым жетекчилери, ошондой эле Чүй облусундагы транспорттук жана салмак-габариттик көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери мыйзам бузууларды каттабай, тиешелүү чараларды көрбөстөн жүк ташуучу унааларды өткөрүп турушкан. Бул үчүн кызмат адамдары системалуу түрдө 2 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча алып турушканы аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен иш козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Башкы көзөмөл органы кылмышка тиешеси барлар кармалган-кармалбаганын тактаган жок.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар