Ош шаарында 2026–2027-окуу жылы башталды. Быйыл шаарда 10 миңден ашуун бала биринчи класска кабыл алынды.
Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Билим күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чаралардын бири Арек айылындагы Ж. Атабаев атындагы №35 мектепте өттү. Ага шаар мэри Жанарбек Акаев катышып, окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылы менен куттуктады.
Иш-чаранын жүрүшүндө мектептин жаңы ашканасы, спорттук жана актылык залдары пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, мэр мектепке окуучулардын билим алуусуна шарт түзүү үчүн интерактивдүү доска белек кылды.
Маалыматка ылайык, быйыл кыргыз тилдүү класстар үчүн 4 миң 330 орунга квота бөлүнүп, 2 миң 790 окуучу кабыл алынган.
Орус тилдүү класстар үчүн 7 миң 866 орун каралып, анын ичинен 7 миң 613 окуучу биринчи класска кирген.



