Бүгүн, 15-сентябрда «Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун» Бишкек филиалы 48 жаранга камсыздандыруу кенемтесин төлөп берди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандарга жалпы 5 млн 434 миң 254 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча сертификаттар тапшырылды.
Ал эми республика боюнча жарандарга бүгүнкү күнгө чейин жалпы 9 млн 96 миң 716 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлгөн.



