Башкы беткеКоомСаламаттыкты сактоо тармагында 40тан ашык объект курулууда

Саламаттыкты сактоо тармагында 40тан ашык объект курулууда

Кыргызстанда учурда саламаттыкты сактоо тармагында 40тан ашык объекттин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Шер Сүйүнбеков билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштерине республикалык бюджеттен жана башка булактардан 13 миллиард 236 миллион сом каралган. Жаңы медициналык объекттер заманбап жабдуулар менен камсыздалып, эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылууда.

Быйыл Кара-Суу районунда үй-бүлөлүк медицина борбору жана Ноокен районунун Сакалды айылында 40 орундуу оорукана пайдаланууга берилди. Жакынкы убакта Бишкектин «Ак-Ордо-3» конушунда 100 орундуу оорукана жана Ош шаарында 300 орундуу оорукана ачылат. Өзгөн жана Каракол шаарларында 350 орундуу ооруканалар курулууда.

Ошондой эле Бишкектин түштүк бөлүгүндө 5 миңге чейин бейтапты кабыл ала турган медициналык шаарча куруу пландалууда. Долбоор боюнча учурда жер тилкесин трансформациялоо жана долбоордук-сметалык документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат.

2026-жылы саламаттыкты сактоо тармагына республикалык бюджеттен 54,7 миллиард сом бөлүнгөн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар