Жогорку Кеңеш 16-сентябрдагы жыйынында «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, калктуу конуштарды көрктөндүрүү эрежелерин бузуп, таштандыны атайын белгиленбеген жерге таштагандарга жоопкерчилик күчөтүлөт.
Ошондой эле таштандыны үйүп таштап кеткендерге, өрттөгөндөргө жана суу чарба курулмаларына зыян келтиргендерге айып пул салынат. Айып пулдун ордуна мыйзам бузгандарды коомдук жумуштарга тартуу да каралган.
Жеке жактар үчүн айып пулдун өлчөмү кеминде 3 миң сом, ал эми ишканалар үчүн 13 миң сом болуп белгиленди. Эреже бузуу кайталанган учурда үч-төрт күндүк коомдук жумуштарга тартуу каралган. Таштандынын түрүнө жараша айып пулдун өлчөмү көбөйүп, 65 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.
Кыргызстанда, өзгөчө Бишкекте, таштандыны чогултуу жана кайра иштетүү маселеси актуалдуу бойдон калууда. Буга чейин таштандыны башкаруу тармагына тартылган эл аралык каражаттарды пайдаланууга байланыштуу коррупциялык иштер боюнча бир катар жетекчилерге жана жооптуу кызматкерлерге кылмыш иштери козголгону маалымдалган.
Мындан тышкары, күз-кыш мезгилинде Бишкекте абанын булганышы жана ыш көйгөйү күчөйт. Адистер жана активисттер абанын сапатын жакшыртуу үчүн таштандыны, анын ичинде күзгү жалбырактарды өрттөбөөгө чакырып келишет.



