Башкы беткеКоомОшто 100 млн долларлык инвестициялык долбоор ишке ашырылат

Ошто 100 млн долларлык инвестициялык долбоор ишке ашырылат

Ош шаарында 100 млн долларлык инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул боюнча Ош шаарынын мэриясы Кытайдын Shandong Shanzuo Holding Group Co., Ltd. компаниясы менен инвестициялык кызматташтык жөнүндө меморандумга кол койду.

Долбоор ишке ашса, шаарда 500 жаңы жумуш орду түзүлөт. Кытайлык инвестор каржылоо, долбоорлоо жана куруу иштерин жүргүзүп, зарыл болгон технология, жабдуулар жана адистер менен камсыз кылат.

Өз кезегинде мэрия долбоорго ылайыктуу жер тилкесин аныктоого жана уюштуруу-административдик маселелерди чечүүгө көмөктөшөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар