Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курама командасы Ташкентте өткөн CAFA U-17 Women’s Championship мелдешинде алтын медаль утту.
Кыргызстандык футболчулар Иранды 2:1, Тажикстанды 2:0 эсебинде жеңип, Өзбекстан менен 0:0 тең чыгышты.
Жыйынтыгында 7 упай топтогон Кыргызстандын кыздар курама командасы турнирдин жеңүүчүсү аталды.



