Башкы беткеКоомБишкекте жол тыгындарын азайтуу боюнча кытайлык компания менен сүйлөшүү жүрдү

Бишкекте жол тыгындарын азайтуу боюнча кытайлык компания менен сүйлөшүү жүрдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кытайдын Hunan Construction Investment Group компаниясынын өкүлдөрү менен жол куруу жана реконструкциялоо, көчөлөрдүн өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана унаа тыгындарын азайтуу маселелерин талкуулады.

Мэр Чанша шаарына болгон иш сапарында компанияга Бишкектеги транспорттук кырдаалды изилдеп, аны жакшыртуу боюнча конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгууну сунуштаган. Компаниянын өкүлдөрү шаар менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну билдиришкен.

Буга чейин Жунушалиев Бишкекте 416 миңден ашуун автоунаа катталганын, кирип-чыккан унааларды кошкондо шаарга суткасына 700 миңден ашык транспорт кирерин айткан. Ал эми борбордун жолдорунун өткөрүмдүүлүгү 350 миң унаага эсептелгенин билдирген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар