Башкы беткеКоомКыргызстан арашан койлорун экспорттоого басым жасайт

Кыргызстан арашан койлорун экспорттоого басым жасайт

Кыргызстан арашан асыл тукум койлорун көбөйтүү менен катар аларды чет өлкөлөргө экспорттоого басым жасайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн ишембиде арашан асыл тукум койлорунун эл аралык фестивалы өтүп, ага Кыргызстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Казакстандын фермерлери катышты. Иш-чаранын алкагында мал чарбачылыгындагы тажрыйба алмашуу жана асыл тукум кой өстүрүү маселелери талкууланды.

Министрликтин маалыматына караганда, мындан ары арашан койлоруна асыл тукум статусун берүү жана фермерлерге 3 пайыздык жеңилдетилген насыя берүү боюнча иштерге көңүл бурулат.

Ведомство бул чаралар арашан койлорун көбөйтүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар