Башкы беткеКоомКыргызстан балдардын социалдык тармактарды колдонуусун чектеши мүмкүн

Кыргызстан балдардын социалдык тармактарды колдонуусун чектеши мүмкүн

Кыргызстанда балдардын социалдык тармактарды колдонуусуна чектөө киргизүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Министрдин айтымында, балдар социалдык тармактарды көп учурда ата-энелеринин көзөмөлүсүз колдонушат. Ушуга байланыштуу тиешелүү чараларды көрүү маселеси талкууланууда.

Буга чейин мектептерде сабак учурунда телефондорду колдонууга чектөө киргизилип, аларды окуу процессине байланыштуу учурда мугалимдин көзөмөлүндө пайдаланууга уруксат берилген.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар