21-сентябрда Пекинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Кытайдын транспорттук жана логистикалык компанияларынын жетекчилери катышкан конференцияда сөз сүйлөдү.
Жолугушуунун негизги максаты — Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда транспорт жана логистика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы транспорттук коридорлорду биргелешип өнүктүрүү жана эки өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу.
Эрлист Акунбеков Кыргызстан Кытайды Борбор Азия, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер, Жакынкы Чыгыш жана Европа өлкөлөрү менен байланыштырган маанилүү транспорттук түйүнгө айланып бара жатканын белгиледи.
«Учурда “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жол долбоору менен катар, биз Кыргызстанда “Балыкчы–Кочкор–Макмал” темир жолун куруп жатабыз. Долбоордун олуттуу экономикалык жана эл аралык маанисин эске алуу менен, Кыргызстан ар кандай кызматташуу моделдерин, анын ичинде артыкчылыктуу улуттук долбоор статусунун алкагында мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө даяр», — деди ал.
Ошондой эле “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун боюнда эркин экономикалык жана өнөр жай зоналарын камтыган “Торугарт”, “Жерге-Тал”, “Макмал” жана “Жалал-Абад” аттуу төрт негизги станция курулары белгиленди.
Кыргыз тарап бул аймактарда ири өнөр жай жана логистикалык борборлорду түзүү боюнча кытайлык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.
Мындан тышкары, темир жол долбоорлору менен катар Кытай менен “Эркечтам”, “Торугарт” жана “Бедел” чек ара өткөрүү пункттары аркылуу байланышкан эл аралык автомобиль жол коридорлору да активдүү өнүктүрүлүп жатканы айтылды. Бул багытта транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр бар экени белгиленди.
Сөзүнүн соңунда Эрлист Акунбеков кытайлык компанияларды Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен коопсуз, туруктуу жана экономикалык жактан натыйжалуу транспорттук каттамдарды биргелешип өнүктүрүүгө чакырды.
Конференцияга Кытайдын ондон ашуун транспорттук жана логистикалык компанияларынын, ошондой эле Кыргызстандын бул тармакта иш алып барган компанияларынын жетекчилери катышты. Катышуучулар өз ишмердүүлүктөрү тууралуу презентация жасап, транспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилешти.
Тегерек столдун жүрүшүндө конкреттүү долбоорлорду аныктоо жана компаниялар ортосунда түз ишкердик байланыштарды түзүү маселелери талкууланды.
Иш сапардын алкагында Эрлист Акунбеков China Communications Construction Group Co., Ltd. компаниясынын Директорлор кеңешинин төрагасы Сун Хайлян жана China Road and Bridge Corporation компаниясынын Директорлор кеңешинин төрагасы Ду Фэй менен да жолугушту.






