Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып, Ысык-Көлдү сактоо боюнча эл аралык трасттык фонд түзүүнү сунуштады.
Мамлекет башчы Ысык-Көл климаттын өзгөрүшүнөн улам олуттуу экологиялык көйгөйлөргө туш болуп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, акыркы 170 жылда көлдүн суусунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөгөн. Акыркы беш жылда төмөндөө ылдамдыгы жылына 7 сантиметрге жеткен.
“Көлгө эзелтен бери куюп келген 101 дарыянын ичинен учурда 30га жакыны гана жыл бою агып турат. Ысык-Көлдүн негизги суу булагы – Тянь-Шань тоо мөңгүлөрү. Акыркы 70 жылдын ичинде Тоолордогу мөңгүлөрдүн 30 пайыздан ашыгы ээрип кеткен. Анын 20 пайызга жакыны акыркы 7-10 жылдын ичинде гана кыскарган”, – деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчысынын белгилешинче, бул процесс аймактын биологиялык ар түрдүүлүгүнө жана жүз миңдеген адамдардын экономикалык туруктуулугуна түздөн-түз коркунуч келтирет.
“Климаттын өзгөрүшүнүн масштабы жана ылдамдыгы ар бир тоолуу мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн ашып түшөт жана консолидацияланган эл аралык аракеттерди талап кылат. Ысык-Көлдүн жоголуусу жергиликтүү трагедия эле эмес, бүткүл аймак үчүн орду толгус экологиялык көйгөйгө айланат”, – деди Президент.
Садыр Жапаров бул экологиялык көйгөйдүн потенциалдуу масштабын түшүнүү үчүн акыркы он жылдыктарда жабыркаган Арал деңизи жана Чад көлүнүн тагдырына көз чаптыруу маанилүү экендигин кошумчалады.
Ошондой эле БУУнун эл аралык каржы институттарын, донор өлкөлөрдү жана өнөктөштөрдү Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын трасттык фонд түзүү демилгесин колдоого чакырды.
“Ниеттерибизди конкреттүү иштер менен көрсөтүү үчүн мамлекеттик бюджеттен фондго 10 миллион АКШ долларын салууга даярбыз”, – деди өлкө башчысы.
Мындан тышкары Ысык-Көлдү “жалпы климаттык аманат” деп атап, аны сактоо үчүн эл аралык өнөктөштүктү күчөтүүгө чакырды.
“Бул ата-бабаларыбыз бизге мураска калтырган нерсени көздүн карегиндей сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү милдети. Андыктан, Ысык-Көл – бул биздин жалпы климаттык аманатыбыз десек туура болот. Биз сиздерден жардам сурап жаткан жокпуз. Биз Жер планетасынын бул уникалдуу жаратылыш ресурсун сактап калуу үчүн Биргелешкен глобалдык өнөктөштүктү сунуштап жатабыз. Кеч болуп калганга чейин, келгиле, бардыгыбыз күч-аракетибизди жана ресурстарыбызды аталган трасттык фонддун алкагында бириктирели”, – деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.



