Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев “Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникаларды тапшыруу аземине катышты.
Мериядан билдиришкендей ишканага жалпысынан 22 даана техника берилди. Анын ичинде 11 МАЗ үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа, бир “Шумкар”, беш “Хово”, бир “Дамас” жана төрт “Лабо” автоунаасы бар.
Жаңы техникалар шаарды санитардык жактан тазалоону жакшыртууга, таштандыларды өз убагында чыгарууга жана ишкананын ишин ыкчамдатууга багытталган.
Мындан тышкары, Минск шаарынан дагы үч даана атайын техниканы алып келүү пландалууда. Макулдашууга ылайык, алар 15-октябрга чейин жеткирилет.
Жаңы техникалар менен кошо “Тазалыктын” карамагындагы атайын автотранспорттун саны 400дөн ашты.



