Кыргызстанда жарандардын электр энергиясы жана жылытуу үчүн кеткен чыгымдарын азайтууга багытталган “Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу” долбоору ишке ашырылууда. Долбоорду Финансы министрлиги Дүйнөлүк банктын колдоосу менен жүзөгө ашырууда. Бул тууралуу аталган долбоордун директору Бермет Мусакожоева билдирди.
Долбоордун алкагында жеке турак жайлардын ээлери жана ишкерлер күн панелдерин орнотуу аркылуу электр энергиясына болгон муктаждыгын толугу менен жаба алышат. Ошондой эле көмүр жагуунун ордуна жылуулук насосторун колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жеке адамдар мындай жабдууларды орнотуу үчүн мамлекеттик банктан 5 жылдык мөөнөткө жылдык 6 пайыздык үстөк менен насыя ала алышат. Учурда бул мүмкүнчүлүктү 21 үй-бүлө пайдаланды. Ал эми ишканалар үчүн насыянын жылдык үстөгү 10 пайызды түзөт. Каражаттар жеңилдетилген мамлекеттик каржылоонун эсебинен берилет.
Финансы министрлиги уюштурган пресс-турдун жүрүшүндө долбоордун алкагында жеңилдетилген насыя алган алгачкы кыргызстандыктардын бири Мелис Эржигитов бул системанын үй-бүлөлүк чыгымдарды азайтуудагы пайдасы тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, буга чейин жыл сайын 6 тонна көмүр жана болжол менен 200 литр бензин сатып алчу. Күн панелдери орнотулгандан кийин август айында керектелген электр энергиясы үчүн болгону 18 сом төлөгөн.
“Системанын жалпы баасы 1,3 млн сомду түздү. Бул каражатты банктан насыя катары алдым. Жылдык үстөк пайызы 6 пайызды түздү. Менин эсептөөм боюнча, система беш жылдын ичинде өзүн актайт”, — деди үйдүн ээси.



