Башкы беткеКоомСаякбай Каралаевдин вариантындагы "Манас" эпосу аудиокитеп форматында чыга баштады

Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас” эпосу аудиокитеп форматында чыга баштады

Саякбай Каралаевдин айтуусундагы «Манас» эпосу аудиокитеп форматында жарык көрө баштады. Долбоорду белгилүү журналист Шайырбек Абдрахманов ишке ашырууда.

Долбоор Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен жүзөгө ашырылууда. Аны ишке ашырууга министрлик тарабынан 3 млн сом бөлүнгөн.

Аудиокитептин биринчи бөлүгү 23-сентябрда жарыяланды. Аны Шайырбек Абдрахмановдун YouTube каналынан угууга болот.

Долбоордун максаты — “Манас” эпосун заманбап аудиоформат аркылуу кеңири аудиторияга жеткирүү, Саякбай Каралаевдин вариантын жайылтуу жана улуттук мураска болгон кызыгууну арттыруу.

Аудиокитептин кийинки бөлүктөрү этап-этабы менен жарыяланып турат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар