Башкы беткеКоомБишкектин Ак-Ордо конушунда диализ борбору ачылды

Бишкектин Ак-Ордо конушунда диализ борбору ачылды

Бишкектин Ленин районундагы Ак-Ордо конушунда жаңы диализ борбору ишке кирди. Анын расмий ачылышы 22-сентябрда өттү. Бул тууралуу мериядан билдиришти.

Diaverum компаниясынын борбору бөйрөк оорулары менен жабыркаган жана үзгүлтүксүз гемодиализге муктаж бейтаптарга медициналык жардам көрсөтөт.

Мамлекеттик заказдын алкагында белгиленген талаптарга жооп берген бейтаптар үчүн диализ кызматтары акысыз көрсөтүлөт.

Долбоор мамлекеттик сектор, швециялык Diaverum медициналык компаниясы жана Бириккен Араб Эмираттарындагы M42 инвестициялык компаниясынын биргелешкен демилгеси менен ишке ашырылган.

Борбор заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, 15 диализдик орун менен ишин баштады. Кийинчерээк орундардын санын 20га чейин көбөйтүү пландалууда.

Жаңы медициналык жай Ак-Ордо, Ак-Өргө, Ала-Тоо жана ЖЭБ-2 конуштарында жашаган бейтаптар үчүн диализ кызматтарына жеткиликтүүлүктү жогорулатат. Эми алар дарылануу үчүн шаардын борбордук бөлүгүнө үзгүлтүксүз каттап барууга муктаж болбойт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар