Башкы беткеКоомБишкекте автобус айдоочуларына эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы киргизилүүдө

Бишкекте автобус айдоочуларына эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы киргизилүүдө

Бишкек шаарында коомдук транспорттордун айдоочуларынын айлык акысын төлөөнүн жаңы ыкмасы киргизилүүдө. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Жаңы системага ылайык, эмгек акынын өлчөмү белгиленген эмгек талаптарынын аткарылышына, жумуш убактысынын нормасынын сакталышына жана иштин сапатына жараша аныкталат.

“Айдоочунун ишине байланыштуу даттануу келип түшүп, анын негиздүүлүгү тастыкталган учурда эмгек акынын өлчөмү 20 пайызга чейин азайтылышы мүмкүн. Ошондой эле белгиленген жумуш убактысынын нормасы аткарылбаган учурда төлөмдүн өлчөмүн азайтуу каралган”, -деп айтылат маалыматта.

Жаңы системаны киргизүү «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын айдоочуларынын жоопкерчилигин жогорулатууга жана жүргүнчүлөрдү ташуунун сапатын жакшыртууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар