Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Комор Аралдары дипломатиялык мамилелерди түздү

Кыргызстан менен Комор Аралдары дипломатиялык мамилелерди түздү

БУУ Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Комор Аралдары Союзунун тышкы иштер ведомствосунун жетекчиси Мбае Мохамед менен жолугушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Комор Аралдары Союзунун ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду.

Жолугушууда Жээнбек Кулубаев дипломатиялык мамилелердин түзүлүшү эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө жана чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишеним билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий диалогду активдештирүү жана эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУ менен Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) алкагындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Комор Аралдары Союзу мындан ары достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастап, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү багытында биргелешип иш алып барууга даяр экенин билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар