Бүгүн, Бишкекте “Кепилдик фонду” ААКсынын 10 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медер Алиев ошондой эле Япония, Түркия, Казакстан, Тажикстан жана Грузиядан өкүлдөр, эл аралык финансылык уюмдар, банктар жана ишкерлер катышты.
“Кепилдик фонддун» 10 жылдык ишмердигинде 23 миңден ашуун ишкер колдоого алынып, 22 млрд сомго жакын кепилдик берилген. Анын негизинде ишкерлер 66 млрд сомдон ашык кредит тарткан.
Данияр Амангелдиевдин айтымында, экономиканын өсүшү менен ишкерлердин узак мөөнөттүү жана жеткиликтүү каржылоого болгон муктаждыгы да көбөйүүдө. Мындай шартта кепилдик механизмдери бизнести гана колдобостон, инвестицияны өндүрүшкө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багыттоочу инструмент катары мааниге ээ.
“Кепилдик фонду” ААКнын Директорлор кеңешинин төрагасы белгилегендей, фонддун негизги максаты — күрөөсү жетишсиз болгон ишкерлерге каржылоого жол ачуу.
“Биз убагында Кепилдик фондун негиздеп жатканда, жөн гана мекеме эмес, күрөөсү жетишсиз болгон ишкерлерге таяныч боло турган бекем ишенимди түзгөнбүз. Ар бир берилген кепилдиктин артында — ачылган жаңы жумуш орундары, жанданган өндүрүш жана өлкөбүздүн экономикасына кошулган чыныгы салым турат.” – деди Абдырахман Маматалиев.
Конференцияда кепилдик системасын мындан ары өнүктүрүү, эл аралык тажрыйбаны киргизүү, экспортту жана өндүрүштү колдоо, ошондой эле аялдардын жана жаштардын ишкердигин кеңейтүү маселелери талкууланды.



