Башкы беткеКоом"Бишкек Арена" ачылышына балдар үйлөрүндө тарбиялангандарга 100 VIP-билет берилет

“Бишкек Арена” ачылышына балдар үйлөрүндө тарбиялангандарга 100 VIP-билет берилет

5-октябрда өтө турган “Бишкек Арена” стадионунун ачылыш аземине жетим балдар жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү чакырылат. Алар үчүн 100 VIP-билет бөлүнгөн.

Бул тууралуу “Жетим балдардын укугун коргоо” коомдук фондунун жетекчиси Игорь Беляев Спутник агенттигине билдирди.

Маалыматты Президенттин Иш башкармалыгы да тастыктап, билеттер өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан берилерин билдирди.

Мындан тышкары, стадиондогу 106 жана 108-секторлор майыптыгы бар адамдар үчүн каралган. Ал эми 138, 139 жана 140-секторлордогу орундардын бир бөлүгү белгилүү спортчуларга бөлүнгөн.

Бул секторлордогу калган бош орундар стадиондун расмий баракчасы аркылуу коомчулук арасында ойнотулат.

Игорь Беляев белгилегендей, “Бишкек Арена” стадионунун ачылышына катышуу балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жана бүтүрүүчүлөрү үчүн өзгөчө мааниге ээ болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар