Башкы беткеКоомБишкектин айрым аймактарында 29-сентябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 29-сентябрда суу өчүрүлөт

29-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, суу саат 09:00дөн 20:00гө чейин болбойт. Чектөө Панфилов көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Фрунзе көчөсү жана темир жолдун ортосундагы аймакка тиешелүү.

Суу берүүнүн убактылуу токтотулушу “Тоголок Молдо” суу алгычында жана шаардык суу түйүндөрүндө жүргүзүлө турган оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу.

“Бишкексууканал” ишканасы тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

Пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу билдирүүлөрдү “Менин шаарым” тиркемеси аркылуу алууга болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар