Башкы беткеКоомБишкекте "Казак киносунун күндөрү" башталды

Бишкекте “Казак киносунун күндөрү” башталды

28-сентябрда Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында “Казак киносунун күндөрүнүн” расмий ачылыш аземи өттү.

Иш-чарада Кинематография департаментинин директору Талантбек Толобеков жана Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчи-элчиси Асхат Сыздыков сөз сүйлөдү.

Үч күндүк иш-чаранын алкагында кыргыз көрүүчүлөрүнө казак киносунун ар түрдүү жанрдагы тасмалары көрсөтүлөт. Программага фантастика элементтери камтылган “Qaitadan” драмасы, “Алтын адам” толук метраждуу анимациялык тасмасы жана үй-бүлөлүк “Жабайы” тасмасы кирген.

“Казак киносунун күндөрүнүн” максаты — кыргыз көрүүчүлөрүн заманбап казак кинематографиясы менен тааныштыруу, эки өлкөнүн кинематографисттеринин чыгармачылык байланыштарын чыңдоо жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү.

Иш-чара 30-сентябрга чейин уланат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар