Башкы беткеКоомМедицина кызматкерлери санариптик технологияларды жаңы программа менен окушат

Медицина кызматкерлери санариптик технологияларды жаңы программа менен окушат

Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлерин кесиптик ишмердигин үзгүлтүккө учуратпастан санариптик технологияларга окутуу боюнча алгачкы адистештирилген окуу программасын ишке киргизди.

Программа менен болжол менен 40 миң медицина кызматкерин камтуу пландалууда.

Окутуунун алкагында саламаттык сактоонун санариптик системаларынын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүүгө багытталган окуу-усулдук комплекс иштелип чыкты. Катышуучулар алган теориялык билимдерин тесттик чөйрөдө практикалык сабактар аркылуу бекемдей алышат.

Ошондой эле угуучулар саламаттык сактоонун бирдиктүү санариптик чөйрөсүндө маалыматтык системалардын өз ара иштешүү принциптерин жана медициналык маалыматтарды алмашуу тартибин үйрөнүшөт.

Программа медицина кызматкерлеринин санариптик көндүмдөрүн жогорулатууга жана саламаттык сактоо тармагында санариптик системаларды натыйжалуу колдонууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар