Башкы беткеКоомКыргызстанда күйүүчү майдын баасы бир айдан ашык убакыттан бери өзгөргөн жок

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы бир айдан ашык убакыттан бери өзгөргөн жок

Кыргызстанда негизги күйүүчү-майлоочу майлардын чекене баасы 19-августтан 29-сентябрга чейин өзгөргөн жок. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын салыштырма маалыматтарында айтылат.

Маалыматка ылайык, Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 87,9 сом, АИ-95 — 109,9 сом, дизель майы — 99,9 сом жана суюлтулган газ — 48,8 сом бойдон калган.

Ал эми коңшу жана салыштырмалуу өлкөлөрдө күйүүчү майдын баасы өзгөргөн.

Арменияда АИ-92нин баасы 129,6 сомдон 144 сомго чейин өсүп, 14,4 сомго кымбаттаган. АИ-95 да ушундай эле суммага өсүп, 151,2 сомду түзгөн. Дизель майы 21,6 сомго кымбаттап, 170,4 сомго жеткен.

Тажикстанда АИ-92 14 сомго, АИ-95 4,4 сомго кымбаттаган. Дизель майы 8,8 сомго арзандаса, суюлтулган газдын баасы 56,9 сомдон 64,4 сомго чейин өскөн.

Казакстанда да күйүүчү майдын негизги түрлөрү кымбаттаган. АИ-92 болжол менен 2,7 сомго, АИ-95 — 2,8 сомго, дизель майы — 4,4 сомго, суюлтулган газ бир сомго өскөн.

Ал эми Россияда АИ-92, АИ-95 жана дизель майы арзандаган. Беларусь менен Өзбекстанда да бензиндин айрым түрлөрү арзандаганы байкалган. Өзбекстанда дизель майы, тескерисинче, 2,2 сомго кымбаттаган.

Ошентип, салыштырылган мезгилде Кыргызстанда негизги төрт түрдөгү күйүүчү майдын баасы өзгөрүүсүз калган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар