Дүйнөгө белгилүү ырчы Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы маалымдады.
Ырчынын концерти “Las Mujeres Ya No Lloran World Tour” дүйнөлүк гастролунун алкагында “Бишкек Аренада” өтөт. Бул Шакиранын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болору белгиленди.
Концертке билеттер 1-октябрда саат 09:00дөн тарта сатыкка чыгат.



