Башкы беткеПрезидентПрезидент: "1-октябрь – Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги космоско учкан тарыхый күн!"

Президент: “1-октябрь – Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги космоско учкан тарыхый күн!”

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигинин космоско чыгарылышына байланыштуу кыргызстандыктарды куттуктап, кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы эми 1-октябрь Кыргызстан жана кыргызстандыктар үчүн өзгөчө маанилүү жана тарыхый күн катары каларын белгиледи.

“Келечек муун Кыргызстандын спутниги алгачкы жолу космоско качан учту дегенде, 2026-жылдын 1-октябрында учкан деп эстеп жүрчү күн. Мындан 2,5 жыл мурда мен атайы тапшырма берип Бириккен Араб Эмираттары менен биргеликте спутникти жасап баштаганбыз. Мына бүгүн биринчи спутнигибизди космоско учуруп алдык”, – деди Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында, Кыргызстандын биринчи спутниги АКШнын Калифорния штатындагы SpaceX компаниясына тиешелүү космодромдон компаниянын ракета алып жүрүүчүсү аркылуу космоско чыгарылды.

Буга чейин президент Садыр Жапаров биринчи улуттук спутникти учурууга байланыштуу АКШнын Лос-Анжелес шаарына барган. Спутник SpaceX компаниясынын ракета алып жүрүүчүсү аркылуу орбитага чыгарылары маалымдалган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар