Кыргызстанда 15 жаштан 35 жашка чейинки жарандар арасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган эссе-конкурс өтөт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду билдирди.
Конкурс Президенттин 2025-жылдын 3-октябрындагы №279 жарлыгынын алкагында уюштурулууда.
Катышуучулар төмөнкү темалардын бири боюнча эссе жазышы керек:
- «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы гуманизмдин философиясы»;
- «Айтматовду окуганымда…»;
- «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы илим жана техника»;
- «Жазуучунун чыгармачылыгындагы экологиялык көйгөйлөрдүн актуалдуулугу»;
- «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы аялдардын образы».
Эссенин көлөмү 4 беттен ашпашы керек. Катышуу үчүн өтүнмө берүү зарыл.
Документтер 2026-жылдын 23-октябрына чейин кабыл алынат. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө дипломдор жана белектер тапшырылат.
Кененирээк маалыматты фонддун расмий сайтынан алууга болот.



