Шакиранын 18-октябрда Бишкекте өтө турган концертине чакыруу билеттери берилбейт. Концертке барууну каалагандар билеттерди алдын ала сатып алышы керек. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, билет сатып алган көрүүчүлөрдүн арасында 15 даана iPhone 18 Pro Max смартфону ойнотулат. Жеңүүчүлөрдүн ар бирине бирден смартфон тапшырылат.
Президенттин Иш башкармалыгы концертке барууну пландаган жарандарды билеттерди алдын ала сатып алууга чакырды.
Белгилей кетсек, Шакира “Las Mujeres Ya No Lloran World Tour” дүйнөлүк турунун алкагында Бишкектеги “Бишкек Аренада” концерт берет. Бул ырчынын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болот.



