Башкы беткеКоомБишкекте 10 жаңы билим берүү мекемеси ачылды

Бишкекте 10 жаңы билим берүү мекемеси ачылды

Бишкекте бүгүн, 6-октябрда 10 билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди. Алар өлкө боюнча бир убакта ачылган 20 социалдык объекттин катарына кирет. Ачылыш аземи Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда онлайн форматта өттү.

Алардын бири — Патрис Лумумба көчөсү, 54/7 дарегинде жайгашкан №83 мектептин жаңы корпусу. Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана курулуш министри Нурдан Орунтаев катышты.

Эки кабаттуу корпус 1200 окуучуга ылайыкталган. Анда 40 окуу кабинети, эки компьютердик класс, спорттук жана бий залдары, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана медициналык пункт бар. Курулуш иштерин «Ырыс Малик» ЖЧКсы жүргүзгөн.

Бишкекте ачылган билим берүү мекемелери:

  • «Ак-Ордо» конушундагы №125 мектеп;
  • «Красный Строитель» конушундагы №32 мектептин кошумча корпусу;
  • «Киркомстром» конушундагы №42 мектептин кошумча корпусу;
  • «Кашка-Баш» конушундагы №124 мектеп;
  • «Арча-Бешик» конушундагы №79 мектептин кошумча корпусу;
  • №83 мектептин кошумча корпусу;
  • «Калыс-Ордо» конушундагы №86 мектептин кошумча корпусу;
  • «Өскөн-Ордо» конушундагы №120 мектеп;
  • «Көк-Жар» конушундагы №122 мектеп;
  • «Дордой» конушундагы №94 мектептин кошумча корпусу.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар