Башкы беткеКоомТүштүк Кореяда мушташтан кыргызстандыктар жаракат алып, айрымдары кармалды

Түштүк Кореяда мушташтан кыргызстандыктар жаракат алып, айрымдары кармалды

Түштүк Кореянын Пхёнтхэк шаарында массалык мушташ болуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын бир нече жараны жаракат алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 3-октябрдан 4-октябрга караган түнү болгон. Кыргызстандын Кореядагы консулу окуя болгон жерге барып, кармалган кыргызстандыктар, жергиликтүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана медициналык кызматкерлер менен жолугушкан.

Учурда жаракат алган жарандардын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Мындан тышкары, жаракат алган жана кармалган кыргызстандыктардын жакындары менен байланыш түзүлгөн.

Окуя боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Маселе Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар