Башкы беткеКоомБишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгүндө жол толук ачылды

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгүндө жол толук ачылды

Бишкекте Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо иштери аяктап, унаа кыймылы толук жандандырылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жол тилкесинде ирригациялык система калыбына келтирилип, жолдун үстүңкү катмары жаңыланды. Ошондой эле эки катмар асфальт төшөлүп, бордюрлар алмаштырылып, жол белгилери тартылды.

Буга чейин Чүй проспектисинин Курманжан Датка (7-Апрель) көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармактары реконструкцияланган. Ишти «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы жүргүзгөн.

Узундугу 1 миң 80 метр болгон тилкеде диаметри 900 миллиметрлик түтүктөр 1 миң миллиметрлик жаңы түтүктөргө алмаштырылган. Тармак 1989-жылы ишке киргизилип, 25 жылдык нормативдик мөөнөтүнө карабастан 37 жыл пайдаланылган.

Мэрия айдоочуларды жол эрежелерин, жол белгилеринин талаптарын жана ылдамдык режимин сактоого чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар