Башкы беткеКоомКоргоо министри өлкөнүн түштүк аймактарындагы аскер бөлүктөрүнүн иши менен таанышууда

Коргоо министри өлкөнүн түштүк аймактарындагы аскер бөлүктөрүнүн иши менен таанышууда

Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов өлкөнүн түштүк аймактарына жумушчу сапар менен барды. Сапардын жүрүшүндө министр Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышууда.

Жумушчу сапардын алкагында Руслан Мукамбетов Коргоо министрлигинин аскер кызматчыларынан түзүлгөн жумушчу комиссия менен биргеликте Жалал-Абад гарнизонунда жайгашкан аскер бөлүктөрүнө жана аскер комиссариаттарына барды.

Жеринде аскер кызматчылары жана кызматчылар менен жолугушуулар өткөрүлүп, өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгынын деңгээли, кызмат өтөөнү уюштуруу, аскердик тартиптин абалы, аскер кызматчыларынын жашоо-шарттары жана аскер бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык камсыздалышы каралууда.

Ошондой эле Коргоо министри аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин жана жетекчилеринин баяндамаларын угуп, жер-жерлердеги иштин абалы менен таанышты. Өзгөчө көңүл бурууну жана ыкчам чечүүнү талап кылган маселелер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жумушчу сапардын негизги максаты — аскер бөлүктөрүндөгү кызмат өтөөнүн уюштурулушун, өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын жана аскер кызматчылары үчүн түзүлгөн шарттарды баалоо, ошондой эле аныкталган көйгөйлөрдү жоюу боюнча зарыл чараларды көрүү.

Коргоо министринин өлкөнүн түштүк аймактарындагы жумушчу сапары уланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар