Башкы беткеКоомНоокен районунда жаңы бала бакча ачылды

Ноокен районунда жаңы бала бакча ачылды

Ноокен районунун Кудук-Сай айылында №35 «Жаз гүлү» мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Жаңы бала бакча 50 орунга ылайыкталып, курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Имаратта төрт тайпага ылайыкташкан бөлмөлөр, ашкана жана балдар үчүн зарыл болгон бардык шарттар каралган.

Буга чейин Кудук-Сай айылында мектепке чейинки билим берүү мекемеси болгон эмес. Айылдын балдары коңшу айылдардагы бала бакчаларга барып келишкен.

Бала бакчанын ачылышы 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда өттү.

Жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмунун ишке берилиши Кудук-Сай айылындагы балдардын мектепке чейинки билим алуусуна шарт түзүп, ата-энелер үчүн да ыңгайлуу мүмкүнчүлүк жаратты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар