Башкы беткеКоомКыргызстандын жарандык авиациясына 93 жыл

Кыргызстандын жарандык авиациясына 93 жыл

Урматтуу кесиптештер! Кымбаттуу достор!
Акыркы жыл Кыргызстандын жарандык авиациясы үчүн чындап эле бурулуш жасаган жыл болду. Тармактагы масштабдуу өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин ар тараптуу колдоосу жана өзгөчө маани бергендиги менен мүмкүн болду. Мамлекет башчысына демилгелерибизди, өлкөнүн авиациясын өнүктүрүүнү колдогондугу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.
Бул мезгил аралыгында Кыргызстандын авиация системасын масштабдуу модернизациялоо иштери жүргүзүлдү. Негизги жетишкендиктердин бири – өлкөнүн авиаташуучуларынын EU Air Safety List тизмесинен чыгарылып, эл аралык аба каттамдарын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү аалгандыгы болду.
Asman Airlines улуттук авиакомпаниясын өнүктүрүү иштери да улантылууда – улуттук авиакомпаниянын эл аралык рынокко чыгышын камсыз кылуу максатында эки Airbus A321 учагын сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду.
Аэропортторду өнүктүрүү багытында да чоң иштер аткарылып, «Манас» эл аралык аэропорту масштабдуу реконструкциялоодон өткөрүлдү, «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторунда жаңы аэробекет комплекстери курулууда, ошондой эле Манас шаарында жаңы аэропорт куруу долбоору ишке ашырылып жатат. Масштабдуу реконструкциядан кийин «Каракол» аэропорту бүтүндөй тарыхында биринчи жолу Airbus A320 учагын кабыл алды.
Бул жетишкендиктердин артында миңдеген адамдардын күн сайын аткарып жаткан талыкпаган эмгеги турат. «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын жана жалпы авиация тармагынын кызматкерлерине кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана өз ишине берилип эмгектенгендиги үчүн ыраазычылык билдирем.
Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү менен!
Асманыбыз ачык, каттамдарыбыз коопсуз, жетишкендиктерибиз арбын болсун!
Урматтоо менен,
“Кыргызстан аэропорттору” ААК
Башкармалыгынын төрагасы
Манасбек Самидинов.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар